06.08.2019 09:52

Кубатбек Боронов менен Кашкар Жунушалиев Солтон-Сарыга жөнөп кетишти

Кубатбек Боронов менен Кашкар Жунушалиев Солтон-Сарыга жөнөп кетишти

Кубатбек Боронов менен Кашкар Жунушалиев Солтон-Сарыга жөнөп кетишти. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.

Эскерте кетсек, Солтон-Сарыда жергиликтүү тургундар кытайлыктардын кен иштетүүсүнө каршы чыгышууда. Кечээ жоон топ адамдар кенге чыгып барып, жүзгө жакын кытай жарандарын жакага түшүрүп бараткан тасма социалдык тармактарда тараган.